Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте уюштурган «Коопсуздук — 2025» аттуу форум болуп өттү. Ага күч органдары, жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана жаштар катышты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Форумда коомдук коопсуздук, укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкууланды. Айрыкча, укуктук маданиятты калыптандырууга жана жарандардын укуктарын урматтоого өзгөчө көңүл бурулду.
ИИМ кызматкерлери укук бузуулардын, мыйзамсыз миграциянын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча видеотасмаларды көрсөтүштү. Куралдуу түзүмдөрдүн жоокерлери атайын көрсөтмө программаларды аткарышты. Ошондой эле балдар үчүн спорттук оюндар жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.
Эскерте кетсек, форум Коомчулуктардын туруктуулугун бекемдөө үчүн глобалдык фондунун (GCERF), “Кыргызстандагы SOS-балдардын айылдары” коомдук фондунун жана Кыргызстандын «Кызыл жарым ай» коомунун колдоосу менен өткөрүлдү.