Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда жер төлөдө жашаган аялды өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ал туруктуу жашаган турак-жайы жок  40 жаштагы селсаяк  аял экендиги аныкталган.

Маркум көп убакыттан бери жер төлөдө жашап жүргөн. Учурда бул факты боюнча өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version