Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ал туруктуу жашаган турак-жайы жок 40 жаштагы селсаяк аял экендиги аныкталган.
Маркум көп убакыттан бери жер төлөдө жашап жүргөн. Учурда бул факты боюнча өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.