Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана аны өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 31- мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн брифингде билдирди.
Ал тестирлөөнү өткөрүү убактысы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташканына карап белгиленерин айтты.
ЖРТны тапшыруу жыл сайын 20-майдан кийин башталчу.
Кыргызстандагы билим берүү мекемелери 16-марттан тарта карантинге жабылып, окуучулар жана студенттер кезексиз каникулга таратылган.
Окуучулар үчүн IV чейректеги окуу программасы дистанттык түрдө 8-апрелде башталат.