Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин тергөө абагына камакка алынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына которулду. Маалыматты Reporter.kg`ге ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыков тастыктады.
“Ооба которулду, азыр бул тууралуу маалымат даярдалууда, толук маалымат бир аздан кийин берилет”, – деди Калыков.
Буга чейин «Азаттык» радиосу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевге таянып, Атамбаевдин №1 тергөө абагынын жетөлөсүнө которулгандыгын жазып чыккан.
Белгилей кетсек, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта ал тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп, 10-октябрда кайра кармалган.