Кыргызстанда 427 адам экстремизм үчүн жаза өтөп жатат. Бул тууралуу ЖАМКтын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев маалымат жыйында билдирди.
Нуралиевдин маалыматына ылайык, 427 адамдын 157си — абакта, 43ү – тергөө изоляторунда, 227си – жатак абактарда. Көрсөтүлгөн сандын 10 пайызын аялдар түзөт.