ЖАМК: Исаков менен Ибраимовго берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт

ЖАМК: Исаков менен Ибраимовго берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт

6-октябрдагы башаламандыктан кийин абактан чыгарылган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов абакка кайтып келе элек.  Бул тууралуу Жаза аткаруу малмекетик кызматынан билдиришти.

Мекеме тараткан билдирүүдө, абактан чыгып кеткен адамдар тиешелүү талаптарды аткарбаса тиешелүү чара көрүлөрү эскертилген.

“Аларга 6-октябрында түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра мурда жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө уруксат берилген. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон С. Авазов, Д. Мусакеев, Р.Төлөгөнов, А. Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган. Ал эми соттолуучулар С.Исаков, А.Ибраимов, С.Куланбаев, Б.Куланбаев түзөтүү мекемелерине кайтып келе элек. Аларга берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт”, – деп жазылат.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда Улуттук Кардиология борборунда  дарыланып жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгарылган.

10-октябрь күнү Алмазбек Атамбаев жана анын жан сакчылары кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>