Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Турганбаев «Замандаш» партиясынан талапкер болот.
Бул партиянын тизмесинде экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев да бар, лидери Жеңиш Молдокматов.
Мелис Турганбаев 1962-жылы 19-февралда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган.
2014-2016 – жылдары Ички иштер министри, 2019-жылдын февраль айынан тартып Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.