Бишкек мэри командасына бир ай убакыт берди. Жыйынтык чыгара албагандарын иштен айдайт. Бул туурасында баш калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров өзү жарандык активист Атай Бейшенбек уулу менен болгон талкуу маалында билдирди.
Анын айтымында, бир ай аралыгында чыгармачылык менен ишти жөндөп кете тургандар иргелип калат да, эч кандай жыйынтык көрсөтө албагандар иштен четтетилет.
Ошондой эле мэр кадрлардын ишин текшерүүдө ар кимдин сөзүн уга бербестен иштин натыйжасы каралаарын кошумчалады.