Бишкек шаарындагы эң чоң көчөлөрдүн бири Ч. Айтматов проспектиси быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Тактап айтканда, жаңы өмүр тартууланып, жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар, жарыктандыруу системасы жана жол белгилери түп тамырынан бери жаңыртылды. Алгач бул жолдун боюна жаңы Ак үй курулуп, “Ынтымак-Ордо” салынган. Мына ошондон тарта Айтматов проспектисинин “багы” ачылды” десек болот. Аталган жолдун оңдолушу шаардын көркүн жакшыртууга багытталган маанилүү кадам жана ири долбоор. Бирок анын ишке ашырылышында бир катар көйгөйлөр байкалды. “Reporter kg” буга чейин жолду оңдоо учурундагы көйгөйлөргө токтолсо, бул ирет аталган жолдун “жаңы жашоосуна” чейинки басып өткөн жолуна саресеп салат.
Демилгелүү долбоорду колго алган Президенттин Иш башкармалыгы менен Бишкек мэриясы бул аракеттерди шаардын инфраструктурасын заманбап талаптарга ылайык келтирүү, шаардагы унаа тыгынын жеңилдетүү жана “Ынтымак-Ордого” барчу жалгыз жолду иретке келтирүү максатын көздөй турганын бир канча ирет билдирген. Бирок бардык эле иштердей, бул инициатива дагы коомчулукта ар түрдүү реакция жаратты. Нааразычылыктардын негизги себептери, жол боюндагы ондогон жылдар бою көрк берип турган дарактардын кыйылышы, маалыматтын жетишсиздиги жана мөөнөттүн узактыгы, альтернативалуу каттамдар так көрсөтүлбөгөнү, шаардыктар күн сайын узак тыгындарда калганын байма-бай жазып жатышты.
Ошондой эле, тротуар жана жөө жүргүнчү жолдор убактылуу жоюлуп, курулуш маалында тротуарлар бузулуп, жөө жүргүнчүлөр кооптуу шартта жүрүүгө мажбур болушканы айтылды.
Кызыл сызыктагы курулуштар жана жарандардын нааразычылыгы
Оңдоо иштери башталар алдында мэрия жолдун кызыл сызыгына чыгып кеткен имараттарды жана тосмолорду бузуу тууралуу чечим чыгарганын билдирген. Бул чечимге ылайык, ондогон жеке объекттердин тосмолору жана гараждары алынган. Кээ бир тургундар буга макул болсо, көпчүлүгү нааразы болушту: “30 жылдан бери ушул жерде жашайм. Тосмобузду мыйзамдуу орнотконбуз. Эми эч кандай компенсациясыз бузуп кетишти,” — деди жергиликтүү тургундардын бири. Ал эми дагы бир жашоочу: “Биз жол тосуп турган жокпуз. Эмне үчүн жеке менчик мүлк ушинтип эле жок кылынат?” — деп суроо салды. Мындай учурлар көп эле катталды. Айрым учурда шаар бийлиги мыйзамдуу курулган мүлктөр боюнча да так маалымат бербей, нааразычылыктар күчөгөн. Бузулган мүлккө компенсация берилери айтылганы менен, көпчүлүк азырынча реалдуу төлөмдөрдү көрө элек.
Бүгүнкү күндө жол жаңыланып, транспорт кыймылы жеңилдеди. Бирок жаралган нааразычылыктар шаар бийлигине коомчулук менен ачык диалог куруу, мыйзамдуулукту так сактоо жана социалдык жоопкерчилик принциптерин эске алуу керектигин көрсөттү. Жол оңдоонун алкагында орнотулган заманбап жарык берүүчү чырактар Президенттин Иш башкармалыгы тарабынан атайын Кытайдан алынып келинген. Албетте муну да сынга алып чыккандар болбой койгон жок. Бирок, бүгүнкү күндө алар түнкү Бишкекти өзгөчө жарыкка бөлөп, шаардын архитектуралык көрүнүшүнө көрк кошуп турат. Энергия үнөмдөөчү бул чырактар көчөнү толугу менен каптап, айрыкча кечинде сейилдеген шаардыктар менен туристтердин көңүлүн бурууда.
Мындан сырткары гүл бакчалар пайда болуп, ландшафттык өзгөрүүлөр орун алды. Жол боюна отургузулган гүлдөр, декоративдүү өсүмдүктөр жана жаңы тротуарлар Айтматов проспектисин эстетикалык жактан өзгөчө кылды. Бул ландшафттык иштер шаарга көрк берип, элдин эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүүдө.
Узакка созулган капиталдык оңдоодон кийин аталган проспект расмий түрдө ачылды. Салтанаттуу иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Аталган жолдо сейилдеп жүргөн карапайым калк бул көрүнүштү жылуу кабыл алып, көпчүлүк үчүн таң калычтуу жагдай ачылыш аземинен кийин эле кечинде Айтматов проспектиси унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылганы болду. Бул убактылуу чарага карабай, көчөдө эл толуп, шаар тургундары үй-бүлөлөрү менен сейилдеп, сүрөткө түшүп, жаңыланган борбор менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Соңку күндөрү бул проспект туристтердин дагы көңүл борборунда. Айрыкча Ысык-Көл багытында жүргөн чет өлкөлүк коноктор Бишкекти аралап жатып, Айтматов проспектиси аркылуу өтүп, жаңы көрүнүшкө суктанганын белгилешти. Социалдык тармактарда да жаңы көчөнүн сүрөттөрү менен суктануу билдирүүлөрү арбын.
Айтматов проспектисинин жаңылануусу — борбор калаанын көрүнүшүн жакшыртуу үчүн жасалган маанилүү кадам. Анын заманбап жарыктары, эстетикалык көрүнүшү жана элдин активдүү катышуусу шаардын оң тарапка өзгөрүп жатканын көрсөтөт.