Бүгүн Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка толду.
Өлкө башчысынын пресс-катчысы Аскат Алагөзовдун Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, президент туулган күнүн иш үстүндө өткөрөт.
«Бүгүн кадимки эле жумуш күнү. Садыр Нургожоевич туулган күн тосууну көп жактыра бербейт», — дейт ал.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.
Аны биринчилерден болуп туулган күнү менен Владимир Путин жана Шавкат Мирзиеев куттуктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз