Site icon Reporter.kg

Жапаров 55 жашка толду. Президент туулган күнүн кантип белгилейт?

Бүгүн  Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка толду.

Өлкө башчысынын пресс-катчысы Аскат Алагөзовдун Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, президент туулган күнүн иш үстүндө өткөрөт.

«Бүгүн кадимки эле жумуш күнү. Садыр Нургожоевич туулган күн тосууну көп жактыра бербейт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.

Аны биринчилерден болуп туулган күнү менен Владимир Путин жана Шавкат Мирзиеев куттуктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version