Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасынын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал жоокерлердин тамак-аш рационуна көңүл бөлүп, өзү дагы даам сызып көргөн.
Аскер бөлүгүндөгү шарттарга президенттин пикири боюнча маалыматта айтылбайт.