Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;

– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>