Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын Сириядагы согушка жиберүүгө катышкан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Бул факты Жазык кодексинин 395-беренеси («Жалдануучулук») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кармалган 39 жаштагы жаран тергөө камак жайга киргизилген.