Жогорку Кеңеш салык жүгүн азайтуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш салык жүгүн азайтуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды.

Салык кызматынын маалыматында, мыйзам долбоору төмөнкү чараларды камтыйт:

Төмөнкү салыктык карыздар эсептен чыгарылат:

  • 2022-жылдын 1-январына чейинки салыктык карыздар;
  • 2025-жылдын 1-январына чейинки транспорт каражаттарына төлөнүүчү мүлк салыгы;

Салык жеңилдиктери жана бошотуулар:

  • транспорт салыгын жоюу;
  • айыл чарба жерлерине салык жеңилдиктерин берүү;
  • 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине уюмду жоюуда жана жеке ишкердикти токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;
  • салык карызы бар жарандардын чет өлкөгө чыгуусун жөнөкөйлөтүү;
  • соода менен алектенген жеке ишкерлер үчүн патенттик система киргизүү.

Бирдиктүү салык боюнча өзгөртүүлөр:

  • 0,5% ставка менен иштеген соода субъекттеринин киреше босогосу 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин жогорулатылат;
  • зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн 0,25% ставка киргизилет;
  • анонимдүү субъекттерге товар сатууда 4% ставка колдонулат;
  • 0,1% жана 1% ставкалар жоюлат.

Сатуудан алынуучу салыктар: (товарларды сатууда бирдиктүү салыкты (0% жана 0,5%) колдонгон жана патенттин негизинде иштеген субъекттерге)

  • накталай эсептешүүдө – 2%;
  • накталай эмес эсептешүүдө – 1%;
  • анонимдүү сатып алуучуларга – 2%.

Мындан тышкары, «салык төлөөчүнүн рейтинги» деген жаңы система сунушталууда. Бул механизм ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү колдоого жана атаандаштыкты күчөтүүгө шарт түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>