Site icon Reporter.kg

Илгиз Шаменов камакта калтырылды

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык сотунда жарандык активист Илгиз Шаменовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызы каралып, Шаменов камакта калтырылды.

Шаардык сот, буга чейин Биринчи май райондук соту чыгарган Нарматованы 20-декабрга чейин камакка алуу тууралуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.  Ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип кармалган.

Буга чейин ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version