Жарым жылда туризм тармагынан 160 миллион сомдон ашык салык түшкөн

Жарым жылда туризм тармагынан 160 миллион сомдон ашык салык түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан өлкө казынасына 160,6 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер алты эседен ашык көбөйүп, жалпысынан 1,1 млрд сом салык чогултулган.

2020–2024-жылдар аралыгында туризм тармагынан түшкөн салыктар:

  • 2020-жылы — 49,3 млн сом;
  • 2021-жылы — 123,6 млн сом;
  • 2022-жылы — 200 млн сом;
  • 2023-жылы — 277,1 млн сом;
  • 2024-жылы — 336 млн сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>