Жасалма документтерди даярдап, сатып келишкен. Чүйдө автомектептердин директорлору кармалды

Чүй облусунда автомектептерди бүтүргөндүгү тууралуу жасалма күбөлүктөрдү даярдап, сатып келишкен деген шек менен автомектеп директорлору кармалды.
Чүй ОИБдин маалыматында, бул ишке «Ж.А.» автомектебинин директору Б.Т. жана «Ж.Ж.А.» автомектебинин директору М.А. катышкан. Алар ортомчу И.Т. аркылуу чет өлкөдө жүргөн жарандардан «МБанк» аркылуу 40 миң сомдон 120 миң сомго чейин акча алып, аларга теориялык жана практикалык окуудан өткөндүгү тууралуу жасалма документтерди даярдап беришкен. Ошондой эле мамлекеттик порталга катташкан.
Бул документтер айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерге кирүүгө негиз болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир гана ортомчу аркылуу 244 жаран окууга мыйзамсыз кабыл алынып, алардан жалпы 2 млн 760 миң 850 сом алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтердин жасалмасын жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Уюштуруучулар катары И.Т., М.А. жана Б.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аларды тинтүү учурунда айдоочуларды окутууну каттоо боюнча 200 журнал, автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу 160 күбөлүктөр далил буюм катары алынган.
Мындан тышкары, чет өлкөдөн келген унааларга тиешелүү каттоо күбөлүктөрүн жана транзиттик номерлерди жасалмалоо каналы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.