Бишкек шаарында 20 жана 25 жаштагы милиция кызматкерлери жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барууга айыпталышууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, тергөөдө 20 жана 25 жаштагы ички иштер органдарынын эки кызматкери (эркек кишилер) жашы жете элек кыз менен тааныш болуп, ал менен ар кайсы убакта мамиледе болушканы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кызматкерлер кармалып, соттун чечими менен 2 айга камалышкан.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иши жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар 15 жаштагы кыз 2 милиция кызматкери тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат таратышкан.