Жайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилди

27.03.2026 | 13:54

Жайыл районунун прокуратурасы Ак-Башат айыл өкмөтүндө турак жай мыйзамдарынын сакталышы жана балдардын укуктарынын корголушу боюнча текшерүү жүгүздү. Мекеменин көңүл борборунда ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды турак жай менен камсыздоо маселеси турду.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан прокурордук чара көрүү актысы киргизилди. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында тогуз тоголок жетим балага турак үй куруу үчүн жер тилкелери бөлүп берилди. Аларга жерге болгон жеке менчик укугун расмий тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.

Көзөмөл органынан эске салышкандай, КРнын «Балдар жөнүндө» кодексинин 13-беренесине жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, мамлекет жетим балдардын турак жайга болгон укуктарынын корголушуна кепилдик берет. Өздүк үйү жок бул категориядагы жарандар, 16 жашка толгондон кийин мыйзамда белгиленген тартипте турак жай аянтын же жер тилкесин кезексиз алууга укуктуу.

Scroll to Top