Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Жеңиш Разаков 2016-жылдын июнь айында чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган.
2017-жылдын августь айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.
2018-жылдын апрель айында кайрадан вице-премьер-министр болуп дайындалган.