Жээнбек Кулубаев Британиянын ханзаадасы менен кыргыз-британ кызматташтыгын талкуулады

26.02.2026 | 10:10

25-февралда Лондон шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын Британиянын падышалык үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон биргелешкен жолугушуусуна катышты.

Эдинбургдун герцогу, ханзаада Эдвард менен болгон баарлашуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Улуу Британия менен саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.

Талкууда маданий-гуманитардык кызматташтыкка, тактап айтканда, билим берүү, англис тилин үйрөнүү, климат жана туризм тармактарына көңүл бурулду. Министр алдыдагы алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип, бул демилге көчмөн цивилизациялардын мурасын сактоого жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого багытталганын белгиледи.

Иш-чарага Улуу Британиянын алдыңкы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана стипендиялык программалар боюнча билим алып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн студенттери катышты.

Scroll to Top