Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. . Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Биздин Армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги. Акыркы жылдары Армияны материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда. Аскердик башкаруу системасын жана куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат. Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда”, – деп жазган ал.
Президент куттуктоосунда аскер кызматкерлерине, чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалаган.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда экс-президент Аскар Акаевдин буйругу менен түзүлгөн. Буйрукка ылайык советтик армиянын Кыргызстандын аймагындагы бардык аскер бөлүгү бир башкарууга бириктирилген.