Жээнбеков: VI чакырылыштагы парламент өлкө үчүн абдан маанилүү чечимдерди кабыл алды

Жээнбеков: VI чакырылыштагы парламент өлкө үчүн абдан маанилүү чечимдерди кабыл алды

Бүгүн, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Анда өлкө башчысы пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Муну менен катар президент мөөнөтү бүтүп жаткан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарына ыраазычылык билдирди. 

“Учурда Жогорку Кеңештин дээрлик 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатасыздар. Жакында сиздер элге барып, шайлоочулар менен жолукканда да ар кандай ойлор айтылат. Анын ичинде сиздердин ишиңиздер да бааланат.

Жогорку Кеңештин ишмердиги жөнүндө коомчулук тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылып келет. Бул ачык коомдогу табигый көрүнүш.

Бирок, калыстык үчүн, так ушул алтынчы чакырылыштагы депутаттар тарабынан өлкөбүз үчүн абдан маанилүү чечимдер кабыл алынганын айта кетейин.

Жалпылап айтканда, параламенттин ушул курамы тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечимдердин көпчүлүгү кабыл алынганын эч ким төгүндөй албайт”, — деди президент. 

Президент өз оюн бышыкташ үчүн Жогорку Кеңештин бир нече чечимдерин тизмеледи. 

“Шайлоо өнөктүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, сот-укуктук реформасын ишке ашырууга багытталган мыйзамдар парламенттин ушул чакырылышы тарабынан кабыл алынды. 

Мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөөгө бөгөт коюну жана коррупциялык укук бузгандарды билдирген адамдарды коргоону көздөгөн мыйзамдар ишке киргизилди.

Антикоррупциялык саясаттын негизги куралы болгон өлкөбүздү санариптештирүү иши парламент тарабынан жигердүү колдоо тапты.

Көптөн бери ишке ашпай жүргөн „Коопсуз шаар“ добоорун баштоого, жөлөкпулдарды тескөөнү санариптештирүүгө багытталган кадамдар жасалды. 

Коомдо резонанс жараткан, анын ичинде, ири коррупциялык схемалар жөнүндө маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Сот системасындагы, укук коргоо, бажы жана салык органдарындагы коррупциялык иштердин парламент аркылуу ачыкка чыгарылганы да коомчулукка белгилүү”, — деди өлкө башчысы. 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>