Коррупция — бул жарандык коомдун,мамлекеттин өнүгүүсүнө опол-тоодой тоскоолдук жараткан, мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү жана эллин ишенимин тамырынан солгундаткан глобалдык көйгөй. Бул көрүнүш дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ар кандай деңгээлде кездешет. Бирок коррупциянын деңгээли жана анын коомго тийгизген таасири ар бир мамлекеттин башкаруу системасына, мыйзамдарына, коомдук аң-сезимине жана саясий эркине жараша болот. Кыргызстанда да коррупция 30 жылдан ашуун мезгил ичинде тереңдеп, эгемендик жылдарында кимди-ким көрдү быржыбайды там басты деген заман учурунда колу жеткен жандын баары «жеп-ичип» пара алып, коррупция дегенди кадимки көрүнүштөй эле кабыл алып калышкан. «Reporter.kg» бул ирет Кыргызстандагы коррупциянын өрчүшү жана аны менен күрөшүүдө акыркы жылдары кандай чечкиндүү кадамдар жасалып жатканы боюнча кеп салабыз.
Элдин байлыгын, ырыскысына кол салып, тартып алып, мамлекеттеги кол жеткен байлыктын баарын төнөп жеген чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер мурда биз үчүн анчейин жат эмес көрүнүш болсо, акыркы жылдары бул багытта олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда. Коррупция менен күрөш өлкөдө катуу жана аеосуз жүрүүдө. Президент Садыр Жапаров жетектеген бийлик коррупцияны улуттук коопсуздук деңгээлиндеги коркунуч катары баалап, анын себептерин жоюуга багытталган бир катар стратегиялык жана чечкиндүү кадамдарга барууда. 2020-жылдагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин бийликке келген президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштү саясий приоритет катары жарыялады. Анын кайрылууларында жана билдирүүлөрүндө бул маселе жогорку деңгээлде талкууланып, мамлекеттик реформалардын өзөгүн түздү десек болот.
Бул тууралуу президент кайрылууларын биринде мындай деген: “Коррупция — бул биздин биргелешкен күч-аракетибизди талап кылган чакырык. Биз баарыбыз ушул коркунучка каршы турсак, коррупциясыз келечек кура алабыз”,-деп, коррупцияга аралашкандарга эскертүү иретинде билдирүү жасаган.
Жемкорлук менен күрөшүүдө жалгыз гана мамлекет башчы эмес, башка мам органдар да катуу киришти. Анын ичинде УКМК тарабынан ири операциялар жүргүзүлүп, пара алган, жер саткан, мамлекеттик каражатты сол чөнтөккө салган бир топ кызматкерлер камалды. Электрондук кызмат көрсөтүү системалары киргизилип, ортомчуларсыз иш алып баруу механизми жайылтылууда. Салык жана бажы тармактарындагы коррупциялык схемалар жоюлуп, бюджет кирешеси үч эсеге өстү. Ошондой эле президенттин “Демөөрчүлүк фонду” аркылуу кошумча маяна берүү демилгеси көтөрүлдү. Муну Президент өзү бул чиновниктерди таза иштөөгө стимул берүүчү жаңы механизм катары сыпаттаган.
Коррупция менен күрөш системалуу, этап-этабы менен жүрүп жатат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев белгилегендей, бул күрөш үч ири этапка бөлүнгөн: Биринчи этап — Системалаштыруу жанастратегияны аныктоо. Бул этап 2,5 жылга созулду. Коррупциялык схемаларды ачуу, тергөө иштерин жүргүзүү жана коомдук колдоо алуу багытында жүргүзүлдү. Экинчи этап — Жазаларды күчөтүү. Бул этаптаКылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, айып пулдардын ордуна реалдуу түрмө мөөнөттөрү сунушталууда.
Бул тууралуу Камчыбек Ташиев мындай деген: “Мыйзамда каралган жазаларды максималдуу түрдө колдонобуз. Уурдалган мүлк кайтарылганы менен, мүлкүн конфискациялоо жана эркинен ажыратуу милдеттүү болот”,-деген.
Ал эми, үчүнчү этап — маалымат берүү жана коомдук аң-сезимди өзгөртүү. Бул этапта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандар мыйзамдуулукка ишенимдүү болууга үйрөтүлөт. Бала бакчадан тартып, жогорку окуу жайларга чейин чынчылдык жана абийир темасы күчөтүлүүдө.
Көп сөз айтылды, эскертүүлөр берилди, тиешелүү чаралар көрүлдү. Бирок жыйынтык кандай деген ой келет. Коррупцияга каршы күрөш бир катарнатыйжаларды бергени коомчулукка маалымдалды.
Аларды тизмелей кетсек:
· Мамлекеттик бюджет 3 эсеге өстү (2020-жылга салыштырмалуу).
· Көптөгөн паракор аткаминерлер камалды; алардын арасында мурдагы министрлер,акимдер жана ири жетекчилер бар.
· Коомчулукта айрымдар аны чыныгы күрөш катары кабыл алып колдосо, айрымдар популисттик чара катары сындап келет.
· Айрым жарандардын көңүлү калган учурлар да болду. Айрыкча айрым чиновниктердин мамлекет берген ишенимди актабаганы коомдук ишеничке доо кетирди.
Эксперттердин айтымында, азыркы бийлик бул аракеттерди туруктуу жана ырааттуу улантып жатканы байкалууда. Мыйзамдагы боштуктар жабылып, коррупциянын алдын алуу чаралары стратегиялык деңгээлге чыгарылды.
Коррупцияга каршы күрөш — бул бир эле бийликтин эмес, бүтүндөй коомдун миссиясы. Кыргызстан акыркы жылдары бул жаатта олуттуу кадамдарга барды. Мыйзамдык база өзгөрдү,жоопкерчилик күчөтүлдү, электрондук башкаруу киргизилди, коомдук аң-сезимге таасир берүү аракеттери башталды.
Бирок күрөш али аяктаган жок. Он жылдап калыптанган коррупциялык механизмдерди бир заматта жоюу мүмкүн эмес. Бул үчүн ырааттуу иш, коомдук колдоо, жаш муундардын чынчылдыкка тарбияланышы жана системалуу реформалар талап кылынат. Канчалаган эскертүүлөргө карабастан мамлекеттин казынасына кол салып, мамлекет үчүн жасала турган иштерди чала аткарып акча жеген чиновниктер азыркыга чейин күн алыс кармалып жатат.
Мындан бир аз убакыт мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрация жетекчилеринин, шаар мэрлеринин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын катышуусу менен жыйын өткөргөн.
Буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарынын тургундары өлкө бийлигине кайрылып, шаардагы жаңы сейил бактын курулуш иштери кечеңдеп, сапатсыз жүрүп жаткандыгын жана шаардык спорт мектебинде капиталдык оңдоо иштери бир жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй жаткандыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдарына нааразы болушкан.
Мындан улам, төрага аталган сейил бактын абалы менен жеринен таанышты. Анда төрага жаңы курулган сейил бак чындыгында сапатсыз экендигин белгилеп, тийиштүү жетекчилерди катуу сынга алды. Тез арада аталган эс алуу жайында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, заман талабына жооп берген шарттар түзүлсүн деген талап коюлду.
Аны менен катар, УКМК төрагасы сейил бакта чогулган Токмок шаарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Шаар тургундарынын 30 пайызы жашаган бул райондордо бир да спорт залы жок экендиги айтылып, андыктан заманбап шарттуу спорт залын куруу тапшырмасы берилди.
Андан соң, Ташиев Токмок шаардык мэриясында Чүй облусуна караштуу жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Алгач төрага нааразычылыкты жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселе көтөрдү. Анда эс алуу жайына тендердин негизинде 44 миллион каралып, бакты куруучу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына 42 миллиону өткөрүп берилгени айтылды. Деген менен иш жүзүндө эс алуу жайына аталган каражаттар толук жумшалбай, бакты курууга кайдыгерлик менен мамиле жасалган.
Мындан улам, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн Токмок шаарынын мэри, Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана эс алуу багын курууга жооптуу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору УКМК төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камакка алынды.
Ал эми Чүй облусундагы ар бир район, шаар, айыл башчыларына 10 күн аралыгында, облустун ар бир жеринде жашылдандыруу иштерин жүргүзүү талабы коюлду. Ошондой эле, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрине Чүй облусундагы ар бир объекттин курулушун көзөмөлгө алуу жана сапаттуу кылып бүтүрүү, ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрине 2026-жылга чейин Чүй облусундагы негизги жолдорду оңдоо тапшырмасы жүктөлдү.
Коррупцияны түп тамырынан токтотуш абдан оор процесс. Бул кетиште ал жакында токтобойт өңдөнөт… Же акча абийирден, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен, темир тор сүрүнөн алда канча олуттуубу деген суроо туулат…