«Жеңиш» чокусундагы издөө иштери токтотулду. Наговицынанын тирүү экенине далилдер табылган жок

Бүгүн дрон менен кайрадан жүргүзүлгөн издөөлөрдөн кийин «Жеңиш» чокусунда калып калган альпинист Наталья Наговицына тирүү экенин тастыктаган белгилер табылган жок. Бул тууралуу Кыргызстан Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, учкучсуз аппарат эки ирет учурулуп, алынган бардык материалдар альпинисттин уулуна өткөрүлүп берилет.
«Кыргыз тарап бардык күч-аракетин жумшады. Тилекке каршы бийиктик, катаал аба ырайы, тик учактын кырсыкташы жана куткаруучулардын абалы күтүлгөн натыйжага жетүүгө мүмкүндүк берген жок. «Жеңиш» чокусунун тарыхында 7 200 метр бийиктиктен бир да адам ийгиликтүү куткарылган эмес. Куткаруучулардын өмүрүн андан ары тобокелге салууга акыбыз жок эле», — деп жазды Кубатов социалдык тармактагы баракчасына.