«Жерүйдүн» иштеши Талас облусун дотациядан чыгарды

«Жерүйдүн» иштеши Талас облусун дотациядан чыгарды

Учурда өлкөдө экономикалык абал оор. Каатчылык, кымбатчылык… Кырдаалдан чыгуу үчүн бийлик инвестиция тартып, өлкөдө иштеп жаткан ишканаларга ыӊгайлуу шарт түзүп бериши милдет. Ансыз экономиканы көтөрүү кыйын.

Мына азыркы тапта экономикага олуттуу салым кошуп, бюджетке киреше алып келип жаткан тармак бир гана тоо кен тармагы болуп жатат. Буга «Жерүй» кенинин мамлекетке киреше киргизип, пайда келтирип жатканын мисал катары айтсак жарашат. Сөзүбүз кургак болбош үчүн «Жерүй» кенин иштетүүдө бюджетке түшкөн каражаттар боюнча цифра, фактыларга токтолуп өтөлү.

«Жерүй» кени иштеп баштагандан тартып өлкө бюджетине олуттуу киреше түшүп баштады. Салык жана башка төлөмдөрдөн түшкөн каражаттын көлөмү 3,5 миллиард сомдон ашты. Анын ичинен 1 миллиард 599 миллион сому алтын сатуудан түшкөн. Экинчиден, айлана-чөйрөнү коргоого 12 миллион сом которулуп, ишкананын атайын рекультивациялык эсебине 28,3 миллион сом топтолгон.

Кыргызстандын Социалдык фондуна компаниянын кызматкерлеринин келечектеги пенсияларын түзүү үчүн 314 миллион сом төлөнгөн. Ошондой эле, бюджетке киреше салыгы боюнча төлөмдөр болжол менен 99 миллион сомду түзгөн. Бонустук жана роялти төлөмдөрү 423 миллион сомго жетсе, КНС боюнча төлөмдөр 875 миллион сомго, мүлк салыгы 1,3 миллион сомго, жер салыгы боюнча төлөмдөр 10 миллион сомдон ашкан.

Мындан сырткары, Талас облусунун жергиликтүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө 7 айда эле 169 миллион сомдон ашык каражат которулган. Тактап айтканда, Талас облусунун өнүктүрүү фонду (50%) – 84 565 790 сом, Талас райондук өнүктүрүү фонду (30%) – 50 739 474 сом, Бекмолдоев айыл аймагынын өнүктүрүү фонду (20%) — 33 826 316 сом которулуп берилген.

Цифралар айтып тургандай, 2021-жылдын башынан бери Талас облусунда салык жана башка кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге өскөн. Бул рекорддук көрсөткүч. Аймактын кирешесинин мындай олуттуу өсүшү «Жерүй» кенинин ишке киришинин эсебинен камсыз болгон.

Натыйжада, кенди иштетип жаткан «Альянс Алтын» ишканасы аймактын бардык кирешесинин дээрлик үчтөн экисин камсыздап, дотацияда отурган Талас облусу дотациядагы аймактардын категориясынан чыгып, Кыргызстандын кирешелүү аймактарынын тизмесинде төртүнчү сапка жайгашкан. Буга чейин акыркы орунда болгон Талас облусу Нарындан, Баткенден, ошондой эле республиканын экономикалык ири аймактарынан бири — Ысык-Көл облусунан озуп кетти. Азыр облустун жергиликтүү жана республикалык бюджеттерин толуктаган кирешелери Ош шаарынын көрсөткүчүнө жакындады.

“Жерүй” кенин иштетүүдө экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Кайра иштетүү комплексинин өндүрүштүк участогунда топурак менен өсүмдүктөрдү алып чыгуу жана сактоо процесси катуу көзөмөлгө алынат. Саркынды суулар эффективдүү тазаланат. Ал эми эң негизгиси, алтын казылгандан кийин калган жана калдык сактоочу жайда жарым-жартылай кургак абалда сакталган калдыктар толугу менен коопсуз болот.

Компания тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо, жер-суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологияны таза сактоо багытында атайын төлөмдөр каралган. Башкача айтканда, «Альянс Алтын» пландалган экологиялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз которуп келет.  Быйылкы жылдын 3-кварталы үчүн 11,8 млн сом өлчөмүндө кезектеги төлөмдү ишке ашырды. Бул төлөм Талас районунун экологиясын сактоо үчүн өткөн II кварталда которулган 9,7 миллион сомго кошумча төлөндү. 31-октябрга карата атайын рекультивациялык эсепке 28 миллион 307 миң сом топтолгон.

Айтор, «Жерүйдүн» ишке кириши өлкөгө ири көлөмдө киреше киргизип жатат. Кендин туруктуу иштеши менен келечекте республикалык жана жергиликтүү бюджетке жыл сайын 4 миллиард сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт. Бул азыркыдай оор экономикалык абалдан чыгууда өлкө экономикасына кошкон эбегейсиз чоӊ салым десек жарашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>