ЖК комитети Конституциялык сотко эки аялдын талапкерлигин жактырды

ЖК комитети Конституциялык сотко эки аялдын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Конституциялык соттун судьялыгына Лунара Жолдошева жана Чынара Айдарбекованын талапкерлигин жактырды.

Алардын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган.

Чынары Айдарбекова — «Ист-Вест менеджмент институтунун» Кыргызстандагы филиалынын укук булагы долбоорунун сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча программасынын жетекчиси, мурда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту болгон.

Ал эми Лунара Жолдошева — «Улуттук медиация борбору» коомдук бирикмесинин юристи. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын катарында депутаттыкка талапкер болгон.

Эми алардын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>