Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Мындай чечим бүгүн, 24-январда кабыл алынды.
2021-жылдын 3-февралынан 5-майына чейин Улукбек Марипов Кыргызстандын премьер-министри болгон.