ЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 19-февралда, депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.
Кайрылуусунда Тургунбек уулу акыркы убакта анын атына байланыштуу жалган маалыматтар тараганын айтып, ошондой эле президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча 75 адамдын кайрылуусуна байланышкан саясий демилгелерге тиешеси жок экенин белгиледи. Ал саясаттан алысыраак болуп, ден соолугуна көңүл бурууну чечкенин кошумчалады.
“Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим”,- деди ал.
Мурдагы спикер шайлоочуларга ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттен эрте кетүү чечими үчүн кечирим сурады. Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы бардык чечимдери өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын билдирди.
Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен.