Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын абалы боюнча Твиттер баракчасына сүрөттөрдү жайгаштырды.
Парламеттик көчмө жыйында эл өкүлдөрү Ысык-Көлдөгү «Золотые пески», «Витязь», «Рохат» пансионаттардын абалы менен таанышып келишкен.
Сурабалдиева бул эс алуу жайлардын абалы менен кантип киреше табылсын деген нааразычылык пикирин билдирген.
«2010-жылы «Витязь» пансионаты улутташтырылган. Ал эми Өзбекстанга таандык болгон «Рохат», «Золотые пески», «Дилором» жана «Бустон» пансионаттары 2016-жылы Темир Сариев өкмөт башчы болуп турган учурда Кыргызстандын карамагына өткөргөн. Андан кийин «Рохат» — «Алтын жай», «Дилором» — «Эне-Сай» жана «Золотые пески» — «Бостери» болуп өзгөргөн.