Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйында 14 документке кол коюлду

21-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда 14 документ кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Документтерге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусиянын мамлекет башчылары кол коюшту.
Ага ылайык, ЕАЭБдин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын, 2026–2027-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын багыттарын аныктаган чечимдер кабыл алынды.
Ошондой эле Өзбекстан менен ЕАЭБ бажы чек аралары аркылуу өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары боюнча маалымат алмашуу тууралуу келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары курулуш тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштыруу пландары, биримдик алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясы, продукцияга карата милдеттүү талаптарды жана санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык нормаларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоонун жалпы принциптери боюнча чечимдердин долбоорлору колдоого алынды.
Жыйында ошондой эле ЕАЭБ сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер төлөй турган алымдын өлчөмүн бекитүү, биримдик органдарындагы төрагалыкты жөнгө салуу жана кеңештин кийинки жыйынын өткөрүү убактысы менен орду боюнча тескемелерге кол коюлду.