Жогорку Кеңештин Төрагасы “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барарын билдирди
17.02.2020 14:35
Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы менен барарын Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына берген интервьюсунда билдирди.
“Мен 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам, менин партиям бүгүнкү күндө “Кыргызстан”. Келечекте Кудайым буюруп насип кылса “Кыргызстан” партиясы менен барам деп айткым келет”, – деген жообун узаткан.
Эске салсак, “Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышаарын жар салышкан.
Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.