Бүгүн, 24-мартта парламентте Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Айбек Осмонов ант берди. БШК ага 14-мартта депутаттык мандат берген.
Айбек Осмонов — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясына маркум депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келди.
Белгилей кетсек Алмазбек Акматов 28-февралда оорусунан улам каза болгон. Ал быйыл көзү тирүү болгондо 57 жашка чыкмак.