Бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын кызматтан кетүү арызы каралды.
Ал өз каалоосу кызматтан кетип жаткан Абдрахматованын арызы депутаттардын добуш берүүсүнө коюлуп колдоо тапты.
Атыр Абдрахматова БШКнын төрайымынын орун басары болуп иштеп турганына карабай ар убак БШКнын ишин сындап келген.