Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маселе каралат. Анда вице премьер-министр Жеңиш Раззаков маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берет.
Жыйында мурда чыгарылган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу маселелерди талкуулашат.
Өткөн жумада парламенттин жалпы жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматын угушкан.