Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Насыр Мусаев каза болду

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынын мурдагы депутаты Насыр Мусаев каза болду. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Насыр Мусаев 1958-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.

Эмгек жолу:

2007 –ж. тарта Токмок Шаардык Кеӊешинин депутаты;

2000  2004 –жж. Чүй Облустук Кеӊештин депутаты;

2004-ж.  КР ЖКнын депутаттыгына талапкер;

2001-жылдан азыркы учурга чейин  «Ним Компани» ЖЧКсынын директору;

1996 – 2001 –жж. «Жетиген» туристтик фирмасынын директору;

1993 – 1996 –жж.  «Интур — Азия» туристтик фирмасы;

1988 – 1991 –жж. №23- шаардык  ПТУ  — директордун орун басары;

1978 –ж.   ПОШ фабрикасы —  техник – механик;

1978 – 1980 -жж. –  СА катарында аскер кызматы;

2013-жылга чейин КРдеги Дунгандар Ассоциациясы Коомдук уюмунун вице-президенти;

2018 – 2019-жылдары Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынын депутаты болгон.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Насыр Мусаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Exit mobile version