Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынын мурдагы депутаты Насыр Мусаев каза болду. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Насыр Мусаев 1958-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.
Эмгек жолу:
2007 –ж. тарта Токмок Шаардык Кеӊешинин депутаты;
2000 2004 –жж. Чүй Облустук Кеӊештин депутаты;
2004-ж. КР ЖКнын депутаттыгына талапкер;
2001-жылдан азыркы учурга чейин «Ним Компани» ЖЧКсынын директору;
1996 – 2001 –жж. «Жетиген» туристтик фирмасынын директору;
1993 – 1996 –жж. «Интур — Азия» туристтик фирмасы;
1988 – 1991 –жж. №23- шаардык ПТУ — директордун орун басары;
1978 –ж. ПОШ фабрикасы — техник – механик;
1978 – 1980 -жж. – СА катарында аскер кызматы;
2013-жылга чейин КРдеги Дунгандар Ассоциациясы Коомдук уюмунун вице-президенти;
2018 – 2019-жылдары Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынын депутаты болгон.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Насыр Мусаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.