Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роза Абдраимова пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Абдраимова 63 жашта болчу. Ал 1957-жылы 28-февральда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.
Роза Абдраимова 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин «Ак-Жол» партиясынан депутат болгон.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Роза Абдраимованын көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.