Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-июнда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен “Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууларды жактырды.
Долбоордун жалпы бюджети 25,83 миллион еврону түзөт. Анын ичинен:
- 15,23 миллион евро — насыя каражаты,
- 8,6 миллион евро — грант түрүндө берилет,
- 2 миллион евро — техникалык жардам көрсөтүүгө багытталат.
Ишке ашуучу долбоор Чүй облусунда ирригациялык системаларды жакшыртууга, суу жоготууларын азайтууга жана айыл чарбасында суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
Бул демилге региондогу айыл чарба өндүрүшүн жогорулатууга жана суу менен камсыздоонун туруктуулугун камсыздоого өбөлгө болот деп күтүлүүдө.