Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырганын “Азаттык” өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы 14-январда саат 16.00го суракка чакырганын билдиришти.

Азырынча УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>