Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун жана шайлоочулардын каттарын кароого көзөмөлдү күчөтөт

02.03.2026 | 12:19

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жаңы орун басарлары жана Аппарат жетекчиси менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун катышуучулары парламенттин учурдагы күн тартибин талкуулап, жакынкы мезгилге карата иш-аракеттер планын бекитишти.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү болду. Төрага депутаттардын ишине заманбап технологияларды киргизүүнү тездетүү боюнча тармактык тапшырмаларды берди.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу процессине максималдуу жоопкерчилик менен мамиле кылып, киргизилген бардык долбоорлордун ыкчам каралышын камсыз кылышы керектигин баса белгиледи.

Кеңешмеде калк менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Парламент башчысы Жогорку Кеңеш өкүлчүлүктүү орган экенин жана анын түздөн-түз милдети — эл менен тыгыз байланышта болуу экенин эске салды.

«Шайлоочулардын бир дагы кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Келип түшкөн бардык каттар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүшү зарыл», — деп баса белгиледи Марлен Маматалиев.

Мындан тышкары, кеңешменин катышуучулары парламенттин ишмердүүлүгүн ички уюштуруу жана документ алмашууну оптималдаштыруу маселелерин карашты. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жаңы дайындалган жетекчисинин алдына ведомстводогу административдик процесстерди жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында парламенттин бардык түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мындан аркы иштердин планы түзүлдү.

Scroll to Top