Жогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

04.03.2026 | 17:20

Бүгүн, 4-мартта, Жогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган документтин Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген .

Мыйзам долбоору тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүүгө, коомдук тартипти сактоого жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле аярлуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо максаты коюлган.

Мыйзам долбоорунун негизги жоболору:

  • Коомдук жайларда жана жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылуу үчүн укуктук жоопкерчиликти белгилөө;
  • Тилемчиликке тартуунун алдын алуу чараларын жана жазаларды катаалдаштыруу;
  • Ченемдерди кайталап бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн укуктук негиз түзүү.

Талкуу учурунда депутаттар тарабынан бир катар сунуштар айтылды. Депутат Илимбек Кубанычбеков дарыланууга каражат чогултуудагы алдамчылыкты алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтерине бирдиктүү платформа иштеп чыгууну сунуштады.

Депутаттар Дастан Бекешев жана Токтобүбү Ашымбаева балдардын тилемчиликке тартылуусуна каршы чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти. Камила Талиева тилемчилик кылгандардын өздүгүн аныктоо үчүн рейддерди өткөрүү жана жардамдарды кайрымдуулук фонддору аркылуу көрсөтүү демилгесин көтөрдү.

Scroll to Top