Жогорку окуу жайларда сабактар кыргыз тилинде өтүлө баштайт

Жогорку окуу жайларда сабактар кыргыз тилинде өтүлө баштайт

2019-жылы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларда сабактар кыргыз тилинде бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди.

«Жогорку жайдын студенттери кыргыз тилин жакшы билиши үчүн бир канча сабактар кыргызча өтүлөт. Мисалы, Манас таануу жана кыргыз тили сабактары аздык кылууда. Ошол себептен география жана башка сабактарды дагы кыргызча өтүлүүгө тийиш. Ошондо гана студент кыргыз тилин жакшы деңгээлде биле алат», — деп айтты Жусупбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>