ЖРТ сертификаты кыргыз тилинен тест тапшыргандарга гана берилет. Тест тапшырбагандар эмне кылса болот?

ЖРТ сертификаты кыргыз тилинен тест тапшыргандарга гана берилет. Тест тапшырбагандар эмне кылса болот?

ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы мамлекеттик тил (кыргыз тили) боюнча тестти тапшырган учурда гана берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырбаса, анда ага ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбейт.

Эгерде кандайдыр бир себептер менен ЖРТнын I-II этабында мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылбай калган болсо, анда аны ЖРТнын III этабында Бишкек жана Ош шаарларында гана 2025-жылдын 21-июнунда тапшырууга мүмкүнчүлүк бар.

ЖРТга каттоо же кошумча каттоо 2025-жылдын 10-июнунан 18-июнуна чейин Бишкек шаарында №24 А. Токтомбаев атындагы мектеп гимназиясында, Ош шаарында Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлѳт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун билдирүүсү боюнча ушул жылдын май айында ЖРТны тапшырган абитуриенттердин 179у мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган эмес.

Министрлик, мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууда эч кандай таасир этпей тургандыгын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>