Кылмыш ишин жабуу үчүн Жумалиевден акча алып жаткан адам кармалды

Кылмыш ишин жабуу үчүн Жумалиевден акча алып жаткан адам кармалды

ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевден  Финполициядагы ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып, жазып чыкты.   

Ага ылайык, кечээ, 20-декабрда Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап акча талап кылган жогорку кызматтагы адамдардын биринин жардамчысымын деген адам кармалган. Ал Бишкек шаарында 2 миң доллар пара алгандан кийин кармалган.

Ал Жумалиевден ага экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылган.

Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев  “Репортерго” акча талап кылуу фактысы менен адам кармалганын тастыктап, бирок тергөөнүн кызыкчылынгы үчун  кеңири  маалымат берүүдөн баш тартты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>