Жумгал районунда “Gallops Кыргызстан-2025” аттуу эл аралык туристтик-маданий иш-чара өтүп жатат.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, фестивалдын расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ошондой эле президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров катышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн атайын тур уюштурулуп, ал “поло” спорт оюну менен ачылды — бул оюн дүйнө жүзү боюнча элиталык спорт катары таанылган.
Андан соң келген коноктор үчүн кыргыз элинин салттуу маданиятын чагылдырган түндүк көтөрүү аземи көрсөтүлдү. Бул жөрөлгө “бир түндүктүн алдында ынтымактуу бололу” деген терең философиялык маанини камтып, коноктор арасында өзгөчө кызыгуу жаратты.
Белгилеп кетсек, иш-чара 19-июлда башталып, 26-июлга чейин уланат. Бул аралыкта жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандар үчүн улуттук оюндар, этнофестиваль, көчмөн маданият темасындагы көргөзмөлөр жана ат спортунун көрсөтмөлүү таймаштары уюштурулат.
“Gallops — бул маданият менен спортту айкалыштырган эл аралык бренд. Анын Кыргызстанда өтүшү — өлкөнүн туристтик жана маданий потенциалын дүйнөгө таанытуунун чоң мүмкүнчүлүгү,” — деп белгилешти уюштуруучулар.