Жумуш учурунда оюн ойногон кызматкер иштен бошотулду

Жумуш учурунда оюн ойногон кызматкер иштен бошотулду

Сокулук районундагы мамлекеттик мекеменин кызматкери жумуш убактысында компьютердик оюн ойноого жол берип, социалдык тармактарга тараган видеонун негизинде иштен бошотулду. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 8-июлунда болгон. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук башкармалыгындагы кызматкер М.Н.Н. иш убактысында кызматтык компьютерде оюн ойноп отурганы видеого түшүп калган.

Министрлик билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 43-беренесине ылайык, 2025-жылдын 10-июлунан тартып аталган кызматкер долбоорлоо бөлүмүндөгү кызматынан бошотулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>