Жумушка велосипед менен барган премьер-министр рекорд койду

Жумушка велосипед менен барган премьер-министр рекорд койду

Марк Рютте Нидерландиянын тарыхында эң узак мөөнөткө кызмат кылган премьер-министр болуп калды, деп жазат Reuters.

55 жаштагы саясатчы бийликте турган 12 жыл ичинде ондон ашык ички кризисти башынан өткөрдү. Көптөгөн голландиялык шайлоочулар анын лидерлигинен тажаганын айтышат, бирок ага анык альтернатива жок.

Премьер-министр өзүнүн биринчи коалициясын 2010-жылы жана төртүнчү коалициясын 2021-жылдын октябрында түзгөн. Көпчүлүк аны коронавирустук пандемияга каршы күрөшүү аракети үчуг колдогон.

Марк Рютте жөнөкөйлүгү менен дагы өзгөчөлөнүп келет. Ал жумушка күн сайын велосипед менен барат. Рютте жан сакылардан да баш тарткан.

Премьер-министр өзүнүн жөнөкөйлүгүн биринчи жолу көрсөтүп жаткан жок. 2018-жылы ал Гаагадагы Саламаттыкты сактоо, бакубаттуулук жана спорт министрлигинин имаратында болгон. Коридордо бара жатып, Рютте кокусунан стаканынан кофени төгүп алып, полду өзү сүрткөн. Тазалоочулар абдан таң калышкан.

Марк Рюттенин бул аракети камерага түшүп калган. Видео интернетке тарап, дароо популярдуу болуп кеткен. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген колдонуучулар бул дүйнөлүк лидер өзү пол суртүп, тазалоочуларды чакырбаганына таң калышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>